Селекция айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп салганы айтылууда

«Чүйдүн Селекция айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң атканча кыйнаган» деген маалымат соцтармакта тарап, сүрөттөр жарыяланууда. Учурда келин оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканы да айтылды.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Чүй ОИИБге кайрылганыбызда, маалымат берүүнү убадалады.