Селекцияда бети менен моюну кескиленген аялга 8 саат операция жасалды

Селекцияда бети менен моюну кескиленген аялдын абалы орточо оордукта. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, операция 8 саатка созулган. Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнөн жаак-бет хирургия бөлүмүнө которулуп, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

«Чүйдүн Селекция айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң атканча кыйнаган» деген маалымат соцтармакта тарап, сүрөттөр жарыяланган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден маалымат беришип, шектүү кармалганын айтышкан.