Селекцияда бети менен моюну кескиленген аялга операция жасалып жатат

Саламаттыкты сактоо министрлигинен бети, моюну кесилип, ооруканага түшкөн аялдын абалы тууралуу маалымат беришти. 

20-сентябрда саат 11:00дө ал Улуттук госпиталга которулган. Ага бети жана моюну кесилген деген диагноз коюлду.

«Саат 11:30да бейтап хирургдардын жана микрохирургдардын катышуусунда операцияга алып келинди. Учурда операция уланууда, дарыгерлер жабырлануучунун органдарын сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

«Чүйдүн Селекция айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң атканча кыйнаган» деген маалымат соцтармакта тарап, сүрөттөр жарыяланган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден маалымат беришти.

Бүгүн, 20-сентябрь күнү милицияга Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 1987-жылы туулган жаран денесине бычак менен келтирилген жаракаттар менен ооруканага жеткрилгендиги боюнча маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча 130-берене (денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Бул окуя боюнча кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.