Селекцияда кулак-мурду кескиленген келин. Соттук отурум башталды

Бүгүн, 12-январда Чүй облусунун Сокулук райондук сотунда Асел Ногойбаеванын мурдун жана кулагын кесип салган мурдагы жолдошунун иши боюнча соттук отурум башталды.

Иш судья Таалайкүл Кадыркулованын жетекчилигинде каралууда. Жабырлануучунун жактоочусу Индира Саутова билдиргендей, Асел соттук отурумдарга катышпайт. Керек болгон учурда гана катышат.

Сотко айыпталуучу Эстебесов онлайн режиминде катышууда. Алдын ала угуулар жабык эшик артында өтүүдө.