«Чүйдүн Селекция айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң атканча кыйнаган» деген маалымат соцтармакта тарап, сүрөттөр жарыяланган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден маалымат беришти.
Бүгүн, 20-сентябрь күнү милицияга Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 1987-жылы туулган жаран денесине бычак менен келтирилген жаракаттар менен ооруканага жеткрилгендиги боюнча маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча 130-берене (денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Бул окуя боюнча кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.
Жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып, келиндин кулагы менен мурду кесилгенин жазышты. Ал эми Чүй ОИИБге кайрылганыбызда, маалыматты ачыктаган жок.