Селекцияда мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескилөөгө шектүү камакта калтырылды

Селекцияда мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескилөөгө шектүү соттун чечими менен камакта калтырылды.

Маалыматка караганда, ал 20-ноябрга чейин камакта болот.

«Чүйдүн Селекция айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң атканча кыйнаган» деген маалымат соцтармакта тарап, сүрөттөр жарыяланган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден маалымат беришип, шектүү кармалганын айтышкан. 

21-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинен жабырлануучунун абалы орточо оордукта экенин, ага 8 саат операция жасалганын билдиришти.