Селекциядагы кескиленген келиндин ишин ИИМ башчысы өз көзөмөлүнө алды

Селекция айылында болгон кылмышка өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков бул ишти объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу үчүн жеке көзөмөлүнө алды. Мындан тышкары, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу ички иликтөө кызматы тарабынан кошумча текшерилүүдө.

«Мындай иш-чаралар жабырлануучуларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле мындай окуяларды алдын алууга багытталган. Милиция үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө, ар бир үй-бүлөнүн коопсуздугун камсыз кылууда коом жана башка уюмдар менен кызматташууга даяр», — дешти.