Семёнов чокусуна кеткен чет өлкөлүк жаран дээрлик 1 айдан бери табыла элек.
ӨКМден билдиришкендей, кечээ, 10-августта Семёнов чокусунун батыш тарабынан түшкөн кар көчкү алдынан чет өлкөлүк жаранды издөөгө «Эдельвейс» кошуунунан 5 куткаруучу чыгып кетишкен. Алар чокунун түндүк-батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнүн ылдыйтан өйдө карай издөө иштерин жүргүзүшөт.
Куткаруу тобу Семёнов чокусунан “Хижина Наукага” түнөккө калышат.
«Семёнов — Тянь-Шанский» чокусуна 14-июлда 34 жаштагы чет өлкөлүк жаран чыгып кетип, байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу туугандары билдиришкен. Бул жаранды издөө «Эдельвейс» тоодо куткаруу кошууну тарабынан тынымсыз изделип келген.