Семичкенин ичине салынган кара куурай. Жаран өз ыктыяры менен белгисиз өсүмдүктүн уругун өткөрүп берди

30-апрель күнү Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге 1995-жылы туулган А.А. аттуу жаран өз ыктыяры менен белгисиз өсүмдүктүн 11 даана уругун өткөрүп берди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Анда “А” аттуу жаран Бириккен Араб Эмирликтеринин бир шаарына “А” аттуу жаран тосуп алат деп күн караманын баштыгын жеткирип берүүнү суранганын билдирген. Териштирүүнүн жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну 1983-жылы туулган А.А. аныкталып, сурак берүү учурунда анын көрсөтмөсү боюнча 11 даана кара куурай уругун 2 жума мурун интернет аркылуу сатып алып, аны чет өлкөнүн бир шаарына мигрант болуп эмгектенген классташ баласы А.А. аттуунун суранганы боюнча жашыруун түрдө күн караманын ичине салып жибергенин көрсөткөн. Азыркы учурда аталган факты боюнча ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүп, алынган затты аныктоого соттук-химиялык экспертиза дайындалды.