«Сен мага уул төрөп бербейсиң!» Ала-Букада жубайын өз жанын кыюуга жеткиргени үчүн айыпталган жаран сот залынан бошотулду

Ала-Бука райондук соту аялын өз жанын кыюуга жеткиргени жана үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөнү үчүн айыпталган жолдошун сот залынан бошотуп, үч жылдык сыноо көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.

Маалыматка караганда, айыпталуучу камакта болгон, бирок соттун өкүмү чыккандан кийин ал сот залынан бошотулду. Мындан тышкары, сот айыпталуучуну Жазык кодексинин «үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 60 саатка коомдук жумушка кескен. Документте соттолуучунун жубайы басмырлоодон жана ур-токмоктон улам асынып алганы жазылган. Айыпталуучу жубайына «Сен мага уул төрөп бербейсиң! Сен мени укпайсың!» деген сөздөрдү айтчу.

«Соттук териштирүүдө айыпталуучу кылмышты жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында, ал аялынын бетине бир гана жолу муштум менен урган. Эртең менен ойгонуп, аялын таппай, короого чыкканда анын өз жанын кыйганын көргөн. Соттолуучу аялы менен урушпаганын билдирген. Маркумдун тууганы билдиргендей, жубайлардын беш кызы бар болчу, бирөө чарчап калган. Күбөнүн айтымында, айыпталуучу спирт ичимдигин иччү, ал эми маркум балдарды жетим калтыргысы келбегендиктен аны менен жашап келген. Айыпталуучу жубайын катуу сабап салгандыктан, анын көрүүсү начарлай баштаган«, — деп айтылат соттун өкүмүндө. Үчүнчү кызы төрөлгөндө күйөөсү жубайын ооруканадан чыгаруу үчүн барбай койгон.