Бишкекте автобустагы тыгындан пайдаланып телефон уурдаган жигит кармалды

Борбор шаардын милиция кызматкерлери коомдук транпортто телефон уурдаган шектүүнү кармашты. Бишкек шаардык милиция башкармалыгынан билдиришкендей, социалдык тармактарда видео тараган, анда белгисиз жарандын автобуста элдин көптүгүнөн пайдаланып, жүргүнчүнүн чөнтөгүнөн мобилдик телефонун уурдап жаткан учуру тартылган. Аталган факты Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан «уурулук» беренеси менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында ушул сыяктуу кылмышы үчүн 1988-жылы туулган мурда соттолгон шектүү кармалып, тергөө абагына киргизилди. Азыр зарыл болгон тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

«Кылмышкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандарды төмөнкү телефон номерлерге кайрылуусун суранабыз: 0553-102 747, 0500-779 779, 0554-102 320, 0557-292 329», — деп айтылат маалыматта.