Шаардагы кафелердин биринен акча уурдоого шектелип 25 жаштагы кыз кармалды

Бишкек шаарындагы кафелердин биринен акча уурдоого шектелип 25 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлерине 1988-жылы туулган жаран кайрылып, Сяопин көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде чөнтөгүндөгү 16 миң сом акчаны белгисиз бирөө уурдап кеткенин айткан.

Кызматкерлер тарабынан жогорудагы кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган М.С аттуу кызды кармашкан.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 200-беренисине ылайык (уурдоо) кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланып жатат.