Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевди 7-апрелге чейин камакта калтырды

Бишкек шаардык соту бүгүн, 12-мартта камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча актоочу тараптын өтүнүчүн карап, чечимди өзгөрткөн жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Адвокат Замир Жоошев билдиргендей, ишти караган судья Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча арызды канааттандырган жок. Ал 7-апрелге чейин камакта калды.

Буга чейин адвокаттар мурдагы президенттин бөгөт чарасын үй камагына алмаштырууну өтүнүп, шаардык сотко кайрылышкан.

Февралда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан чыгышы боюнча ишти караган Биринчи Май райондук соту Атамбаевдин камактагы мөөнөтүн 7-апрелге чейин узарткан.

Бул иште Атамбаев менен катар мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, гематолог Абдухалим Раимжанов жана ЖАМКнын ошол кездеги жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев айыпталууда.

Жогорку сот былтыр 30-ноябрда Батукаевдин ишин кайра караш үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн.

Ага чейин, июнда райондук соттун чечими менен Атамбаев Батукаевдин иши боюнча күнөөлүү деп табылган. Өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кесилген.

Эске салсак, Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылы октябрда өткөрүлгөн.

Атамбаев былтыр декабрда саламаттыгына байланыштуу №47 түзөтүү абагына которулган. Ага чейин Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган эле.