«Шалаакылык болдубу десем врач башын ийкеп моюнуна алды» дейт төрөттөн каза болгон келиндин атасы

5-июнь күнү Бишкектеги №1 төрөтканада 35 жаштагы Айгерим Баракбаева төрөттөн каза болгон. Анын жакындары маркум дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болду дешет.

«Мага кабар келгенде дароо төрөтканага барып башкы дарыгерге жолуктум. Жаш кыз экен, менин бул жакка келгениме 3 ай болду деди. Силерден шалаакылык кеттиби деп 3 жолу сурадым, жанымдагы врач башын ийкеп моюнуна алып жатат. Жанындагы 10 чакты киши унчукпай турат. Кызымдын оорусунун тарых баракчасын бергиле десем, ары басып, бери басып, кабаттан кабатка чыгып жарым сааттай убакытты созушту. Акыры анемия деген диагнозду жазып коюшту.

Сопсоо кызымды өлтүрүп коюшту. Мен өзүм «Тез жардам» менен моргго алып бардым. Ал жактагы экспертиза кылгандар билишет да, кызымды көргөндө эле кызыңызды өлтүрүп коюшуптур дешти. Ошол күнү Свердлов РИИБине барып арыз жаздык. Андан бери бир кабар алган адам болгон жок. Биз кайра-кайра эмне болду деп чалып тажадык. Кечээ гана адвокат жалдап, ал иш алып барганда эми кыймылдаган болуп жатышат«, — дейт маркумдун атасы.