Шамалды-Сайдагы аскер бөлүктө катардагы аскер өзүнө ок аткан

Шамалды-Сайдагы аскер бөлүктө төшүнө ок тийген жоокердин абалы канааттандырарлык. Бул маалыматты бүгүн, 17-августта УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Катардагы жоокер нөөмөттө турганда автоматтан өзүнүн төшүнө капыстан ок аткан. Учурда Ноокен аймактык ооруканасында дарыланып жатат. Абалы канааттандырарлык деп бааланууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, учурда жоокердин жанында апасы бар.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, ал аскердик кызмат өтөө үчүн 2021-жылы жазында чакырылган. Расмий маалымат боюнча, ал Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөө каалоосу жок болгондуктан аскердик бөлүктөгү психологдун көзөмөлүндө болуп турган. Тиешелүү органдар текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат.

«Катардагы жоокер кызматтан бошонуу үчүн денесине жаракат келтирүүнү каалаган деп болжолдонуп жатат», — деп айтылат Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.