Шаркансай суусуна чөгүп кеткен 15 жаштагы баланын сөөгү Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен

31-май күнү Кара-Суу шаарындагы Шаркансай суусуна 2006-жылы туулган эркек бала түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, сөөгү Өзбекстандын аймагына агып өтүп кеткен. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Өзбекстандын аймагында издөө иш-чараларын жүргүзүп берүү боюнча кат жолдонгон. 1-июнь күнү Өзбекстандын министрлигинен 3 куткаруучусу саат 09:00дө Андижан облусунун Коргон-Төбө районундагы Түштүк Фергана каналына издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжа болгон эмес. 2-июнь күнү издөө иштери улантылат.