Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо сел жүрүшү күтүлүүдө

2022-жылдын 29-31-июлунда өлкө аймагында температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
Жаандуу аба-ырайына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Ысык-Көл облусунун дарыяларындагы сел дарыялардын нугуна жанаша жайгашкан аймактардын жээктерин жана жайылма участокторун жууп кетиши ыктымал.