«Шектүү мурда да жоопко тартылган». Чүйдө 32 жаштагы жаран бөтөлкөлөштөрүнө бычак шилтеген

Чүйдө адам өлтүрүүгө аракет кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-августта аймактык ооруканадан Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө бычактан жаракат алган эки киши келгени тууралуу билдирүү түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде дароо тергөө тобу чыгып кеткен.

Милиция кызматкерлери барып, алардын өздүгүн аныкташкан. Алар 1977 жана 1976-жылы туулган жарандар экендиги аныкталган.  Бул факт РИИБге каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 30-пунктунда (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) каралган кылмыштардын негизинде катталган. Кабыл алынган иш-чаралардын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган жаран кармалган. 

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмышка жарандардын мас абалында чыр-чатагы түрткү болгон. Комсомол айылында жайгашкан дүкөндөрдүн биринин жанында жабырлануучулардын ортосунда чыр чыгып, мас абалында шектүү бычак менен сайган.

«Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Шектүү Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда. Маалымат катары, 2019-жылы Сокулук районунун милиция кызматкерлери тарабынан шектүү бейбаштык үчүн жоопко тартылганын билдиребиз»,- деп айтылат маалыматта.