«Шектүүнү жаакка чаап алсам, жеңилдеп калат элем» дейт кызы жана неберелеринен айрылган апа

Кечээ, 31-октябрда Октябрь райондук сотунда Бишкекте үч адамды өлтүрүү фактысы боюнча соттук отурум өттү. Жактоочу 4 миллион 671 миң сом өндүрүп берүүнү соттон суранган. Ал материалдык чыгым 671 миң сом, моралдык зыян 4 миллион сом деп эсептеген. Маркум Алтынай Канзаманованын 82 жаштагы апасы Үрү Дюшебаева бул акчаны кайрымдуулукка берерин айтты.

Ал ошондой эле интернетке тараган үрөй учурган видеону эми көргөнүн айтты. «Мага буга чейин эч ким көрсөткөн эмес. Көрүп алып, зээним кейип жатат. Бир жолу бетине чаап алсам, жеңилдеп калат элем. Дайыма ага акча берип жүрчү. Акыркы жолу чалып, «май куйганга акча бер» деген», — деди апа.