Шектүүнүн эжеси: «Иним Айзаданы ала качууга аралашып калганын билген эмеспиз»

«Иним Айзаданы ала качууга аралашып калганын билген эмеспиз», — дейт Айзада Канатбекованы ала качууга шектелгендердин бири Сыймык Молдосариевдин бир тууган эжеси. Ал бул тууралуу СуперТВ каналына маек берип жатып айтты.

«Сыймык психикалык жактан ооруйт. Бирөө көзөмөлдөп турбаса, кылган ишине өзү жооп бере албайт. Ал үй-бүлөдө жалгыз майып эмес. Апам да акыл-эс жактан жабыркайт. Сыймык менен дагы эки байкеме бул майыптыгы өткөн. Ала качууга катышканын билген эмеспиз. Айылга келип, коркконунан эч кимге айтпай 10 күн жүрө бериптир. Качан гана тергөөчүлөр аны издеп келгенде билдик», — деди Айзат Басарбай кызы.

Шектүүнүн эжеси Айзада Канатбекованын Балыкчыдагы үйүнө чейин барып, анын үй-бүлөсүнөн кечирим сурашканын, муну менен жоопкерчиликтен качпай турганын, болгону иниси Сыймык да бул окуянын курмандыгы болуп жатканын кошумчалады.

Маекти бул шилтемеден көрө аласыздар.