Шопоков шаарында 16 жаштагы өспүрүм каза болгон. Тергөө иштери жүрүп жатат

Сокулук районунда 16 жаштагы өспүрүм каза болгон. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 6-август күнү Талас районунун Чат-Базар айылынын тургуну кайрылган. Ал Талас районунун Чат-Базар айылынын тургуну 2005-жылы туулган тургуну 5-август күнү Бишкек шаарынан каза болуп келгендигин билдирген.

Аталган билдирүү Талас РИИБдин маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталып, окуя боюнча Талас РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыгып текшерүү иштерин жүргүзгөн. Текшерүү учурунда маркумдун апасынын берген маалыматында, 16 жаштагы баласы Чуй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарынан каза болгонун билдирген.

Ал эми тергөө иш чараларын окуя болгон жеринен толук кандуу жүргүзүү үчүн чолгултулган материал караштуулугу боюнча Чуй облусунун Сокулук районуна жиберилген.