Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында темир жол бекетинин аймагындагы мунай зат сакталуучу жай күйүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты. Аны үч өрт өчүрүүчү бригада өчүрүүдө.
Соцтармакта тилсиз жоонун видеолору тарап жатат.
Маалыматтарга караганда, саат 16:10 чамасында жардыруунун үнү угулуп, ошондон кийин эле кара түтүн көрүнө баштаган. Өрттү өчүрүүгө саат 16:11де Сокулук райондук №23 ӨКБдан 2, Москва райондук №15 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жана Чүй облусунун башчысы жетектеген жана ККББнын ыкчам топтору тартылган. Мындан сырткары саат 17:00дө Ленин райондук №6 ӨКБдан кошумча 1 күжүрмөн эсеп тартылып, жеринде өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 4 бөлүм тартылды.