“Шрек” деп атагандан чыккан кыздардын мушташы. Өч алганына да, видеого тартканына да өкүм чыкты

Буга чейин интернетте кыз-келиндин мушташып жаткан видеосу тараган. Анда бири экинчисин “Шрек” деп атаганы үчүн полго жаткырып алып, уруп-согуп жатканын, бычак такаганын көрүүгө болот. Бул учурда үчүнчү адам урушту видеого тарткан.

Соттук териштирүүдө кыздардын бири экинчисине “Шрек” дегенден сырткары, «селсаяктай кийинесиң» деген билдирүү жиберген. Жаңжал ушундан ырбап, кыздар Жалал-Абаддан жолугушууну чечишкен. Сөз менен айтышуунун жыйынтыгы мушташка жеткирген.

Соттолуп жаткан кыз өлтүрүү ниети жок экендигин айтып, экинчи тараптан кечирим сураган. Ал эми уюлдук телефонго тартып жаткан кыз курбусу иштер менен Жалал-Абадга чогуу барууну суранганын жана болуп жаткан окуяны телефонго тартпаса аны да сабай турганын айтканын кошумчалаган.

Жабылануучу эки кызды тең кечирген. Бирок сот экөөнү тең “бейбаштык” беренеси менен 5 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды.

Жогорудагы окуя ушул жылдын 17-августунда болгонун Жалал-Абад ОИИБинен билдиришкен. «Жабырлануучу Жалал-Абад облусунун 26 жаштагы тургуну болгон, ал арыз менен кайрылып, ооруканада дарыланып чыккан. Аны коркутканга шектелгендер Ош облусунун 26 жана 23 жаштагы тургундары. Экспертизанын жыйынтыгы менен тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр камакка алынган. Алардын баш коргоо чарасы каралып, 26 жаштагы келин камакта калтырылып, анын шериги үй камагына чыгарылган», — деп жазылган маалыматта.