«Шымдын боосун чечпегени үчүн сабалган». Ала-Букадагы тергөө абагындагы жаран милиция сабаганын айтты

Ала-Бука районунда милиция кызматкерлери убактылуу кормоочу жайдагы адамды сабап салышкан. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.

«23-июнь күнү Ала-Бука РИИБдин убактылуу кармоочу жайына барган учурда камактагы Бекбол Жанышов арыз менен кайрылган. Ал милиция кызматкерлери тарабынан кандай кыйноого алынганын айтып берген. Анын айтымында, ал №25 СИЗОдон тергөө абагына которулган. Жеке тинтүү учурунда Азамат аттуу нөөмөтчү шымынын боосун чыгарууну талап кылган. Бирок Жанышов андан баш тартып, эгер жипти жулуп алса, шымынын түшүп каларын түшүндүргөн. Буга жооп катары бир нече милиция кызматкерлери адепсиз сөздөрдү айтып, анын колун бурап, сабап, күч колдонуп камерага сүйрөп киришкен», — деп айтылат маалыматта.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү УКЖга тез жардам кызматын чакырып, кыйноого кабылган жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүшүп, ур-токмокко алуу белгилерин жаздырып, Стамбул протоколун да толтуруп, прокуратурага өткөрүп беришкен.