«Айдоочу шымын чечип, кызды өзүнө чакырган». Кантта 17 жаштагы кызга ыдык көрсөткөн делген жаран кармалды

Portrait of depressed woman, covering face with her hands, side view

Кант шаарынын 17 жаштагы тургунуна белгисиз киши ыдык көрсөткөн. Бул тууралуу кыздын апасы соцтармакка жазды.

Маалыматка караганда, окуя 10-январда кыз мектептен үйүнө кетип бара жаткан учурда болгон. Үйгө болжол менен 150 метрдей калганда Портер унаасынын айдоочусу тийишип баштаган. Кыз бат басып кетүүгө аракет кылганда, унаасы менен жолун торогон. Андан соң айдоочу өзүнүн шымын чечип, ич кийимин чечип, жыныс мүчөсүн кармап, кызды чакырган. Эркек киши унаадан чыгайын деп жатканда кичи автобус келип калып, кишиден жолдон унаасын алууну талап кылган. Ошол учурда кыз жанындагы үйдүн дарбазасын каккылап, жардам сураган. Киши коркуп качып кеткен.

Бул окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден кыздын апасы милицияга арыз жазганын билдиришти. Арызда эркек киши көчөдө 17 жаштагы кызга карата уятсыз иштерди кылган, тактап айтканда, терезесин түшүрүп, кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөнү айтылган. Факты Ысык-Ата РИИБге катталып, тергөө жүрүп жатат. Милиция жогорудагы жаранды таап, бөлүмгө жеткиришкен. Унаа айып токтотуучу жайга коюлган. Тергөө жүрүп жатат.