Сибирде кыргызстандык өлтүрүлүп, сөөгү дааратканага ыргытылган

Орусиянын Нижневартовск шаарындагы өндүрүштүк базада февраль айында 52 жаштагы Кыргыз жаранын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды.

«Комсомольская правда» билдиргендей, кармалган адам Калининград облусунун тургуну, ал Сибирдин шаарына убактылуу иштөө үчүн барган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, шектүү менен кыргызстандыктар өндүрүштүк базада иштешкен. Февраль айында алар мушташып, андан кийин кармалган адам эркек кишини бир нече жолу бычак менен сайып, андан соң денени көчөдөгү ажатканага ыргытып жиберген. Кесиптештери кыргызстандыкты издей баштаганда, шектүү ал башка мекемеге которулуп кеткенин билдирген.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин шектүү аймактан кетип калган. Учурда ал камакта.