«Симирам» эс алуу борборунун ээси, казак ишкери Ясынжан Таировго издөө жарыяланды

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча казак ишкери, «Симирам» эс алуу борборунун ээси Таиров Ясынжан Ниязович изделүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында «Мыйзамдагы ууру», «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Камчы Көлбаевдин  уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Казакстандын ишкери Таиров Ясынжан Ниязович тарабынан каржылоо фактыларын аныктады.

Тактап айтканда, Таиров Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз аракеттеринен, тагыраагы рэкет, опузалап акча каражаттарын системалуу түрдө алуу, кылмыштуу шериктештиктин курамындагы ишкерлерден жыйым алуу, оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн бир нече жолу соттолгондугу жөнүндө билип туруп, колдоо алуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен бизнес долбоорлорду жүргүзүү үчүн аны менен байланыш түзгөн. Мындан тышкары, Таиров «мыйзамдагы ууру» Көлбаевдин кылмыш ишин каржылоо максатында ага 200 миң доллар суммасындагы акча каражатын бергени аныкталган.

Ошондой эле, «Симирам» эс алуу борборунун ээси уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнө алардын эс алуусун уюштуруу үчүн коттедждерди жана номерлерди туруктуу негизде берип турган. Мындан тышкары, маалыматтарга караганда, Таиров Көлбаевге ар кандай майрамдык салтанаттарды жана иш-чараларды өткөрүүдө дайыма көңүл буруусун көрсөтүп, кымбат баалуу белектерди берип турган.

Таиров менен Көлбаевдин жолугушуулары Чолпон-Ата шаарында «мыйзамдагы ууруга» жана ага аффилирленген жактарга таандык болгон «Барс» комплексинин аймагында өткөн.

Чогултулган материалдардын негизинде Таировго карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу чарасы тандалып алынган, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана «Интерпол» Улуттук Борбордук бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланган.