УКМКнын кызматкерлери Сирияда согушуп жүргөн террористтик эл аралык уюмдун мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз борбору билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, ал 16-декабрда кармалган.
“Кыргыз жараны Сирияда аскердик даярдыктан өтүп, террордук топтун катарында өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан” деп билдиришет комитеттен.
Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иш-амалдары жүрүп, ал тарабынан жасалган кылмыштардын башка эпизоддорун ачыкка чыгаруу жана кылмышка тиешелүү байланыштарын териштирүү иштери уланууда.