«Сириялыктарга жардам бермек». Айт намазда теракт уюштурууга шектелген дагы бир жаран Жалал-Абаддан кармалды

Жалал-Абад облусунда Айт намазында теракт жасоого шектелген дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«9-июль күнү Жалал-Абад облусунда «Катиба аль Таухид валь-Джихад» эл аралык террордук кыймылдын активдүү мүчөсү болгон Кыргыз жараны кармалды. Ал буга чейин кармалган сириялыктарды тосуп алып, террордук акцияны уюштурууга жардам бермектиги аныкталды. Шектүү көп убакыт чыгыш өлкөлөрүндө болуп, аталган экстремисттик уюмдун Кыргызстандагы өкүлү болгон тууганынын таасиринде уюмга өткөн. Анын Сирияда атайын террордук даярдыкты өтүп келгени тууралуу маалыматтар бар. Учурда шектүү УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Террордук акцияны уюштурууга аралашкан дагы башка кылмышкерлерди аныктоо иштери жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Айт намазында бомба жардырууну пландаган эки сириялык кармалган.