СИЗО-1де кармалган келиндин боюндагы баласы өлүп калган. Акыйкатчы ЖАМКга кайрылды

Акыйкатчы аппараты буга чейин Свердлов райондук сотуна жана Бишкек шаардык сотуна кайрылып, 1989-жылы туулган аял кишинин бөгөт коюу чарасын өзгөртүүнү суранып кайрылган. Бул тууралуу аталган аппараттан билдиришти.

Кармалган келин Жазык кодексинин 205-беренесинде каралган кылмыш ишинин (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) негизинде айтыпталууда. Тактап айтканда, ал 47,9 миллион сом акча каражатын коротууга айыпталып 2 айга камакка алынган. Акыйкатчынын соттук эки инстанцияга кайрылуусуна негиз болуп, келиндин 5 жумалык боюнда бар жана бойдон түшүү коркунучу бар деген маалымкаты негиз болгон. Мындан тышкары келиндин 2012-жылы туулган, жүрөк оорусу менен жабыркаган кызы бар, ошондой эле, анын жолдошу да жүрөк оорусу менен жабыркайт жана май айында жүрөгүнө операция жасалган. Бирок жогорудагы жагдайлар эске алынбай, ага карата баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калган.

14-октябрда №1 ТИЗОго кабыл алынаарда ал медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүлгөн, гинекологго консультацияга жана ультра диагностикалык изилдөөгө жөнөтүлгөн. Ультра-диагностикалык изилдөө келиндин боюндагы түйүлдүк өспөй жатканын башкача айтканда, өлүп калганын аныктаган. Ошол себептен ал 3-төрөт үйүнө жөнөтүлүп, ал жакта кош бойлуулугун үзгүлтүккө учуратып, операция жасалды. Ал төрөт үйүндө 14-октябрдан 20-октябрга чейин жаткан. Бөгөт коюу чарасы №1 ТИЗОдо кармалуу белгиленген келиндин учурдагы саламаттыгынын абалын эске алуу менен анын жолдошу Акыйкатчы аппаратына кайрылып, ага карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүүгө көмөк көрсөтүүнү сурап кайрылган. Акыйкатчы институту ЖАМКга кайрылып, тергөөдөгү абактагы келинди толук медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү, баласын жоготуп стресске туш болгон аялды невропатолог адистерге көрсөтүү зарылдыгын суранат.