СИЗО-1ден качып кеткен жаран Теңдик жаңы конушунда кармалды

Бишкектеги №1 тергөө абагынын кире беришинен бир соттолуучу качып кетип, Теңдик жаңы конушунан кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн саат 15:50 чамасында болгон. Соттолуучу соттук териштирүү иштери үчүн Бишкектин №1 тергөө абагынан Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына которулган. Ал эми 10-сентябрда райондук милициянын конвойлорунун коштоосунда кайра тергөө абагына жөнөтүлгөн. Ал тергөө абагынын имаратынын жанынан качып кеткен.

Мындан улам Чүй облустук жана Бишкек шаардык милициянын өздүк курамы, ИИМдин ыкчам кызматы тартылып, аны издөөгө алган. Натыйжада соттолуучу Бишкектин Теңдик конушунан кармалган.