СИЗОдо асынган абалда табылган «Айыл банктын» мурдагы бөлүм башчысынын иниси: «Кабыргалары эки жактан тең сынып кетиптир»

УКМКнын тергөө камак жайынын камерасында өз жанын кыйган делген «Айыл Банктын» насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бакыт Асанбаевдин өлүмү боюнча медициналык экспертизага катышкан иниси жарандык активист Адилет Балтабайга маалымат берген.

«Мен сөөктү сойгондо жанында болдум. Моюнунда жиптин тагы бар экен. Акырегинин эки жагында тең сыныктары бар, кан уюп калыптыр. Колдорунун чыканактары, чыканагынан өйдө жактары көгала болгон. Сойгондо кабыргалары сынган жерлеринен түшүп калды. Кабыргаларынын ич жагы кызарып калыптыр. Эмнеге кызарган десем, кабыргаларды тилсе, сыныктары көрүндү. Оң жагынан 2-3-4-кабыргасы сыныптыр. Сол жагынан 4 кабыргасы сынган. Аны жасалма дем алдырганда сынып кеткен деши мүмкүн. Бирок дем алганда андай сынбайт да.

Агама кечээ эле жактоочу кирип чыккан. Аз күндө чыкмак. Өлө турган түрү жок болчу. Жеңемдин айтымында, кечээ жаңы камерага которушкан экен. Ал жакта кимдер менен болду, билбейм. Төрт баласы бар, баары кичинекей болчу», — дейт тууганы.