Скутер менен Лексус сүзүшүп, жаш жигит ыргып кеткен

Буга чейин социалдык тармактарда скутер менен Лексус сүзүшүп, жаш жигит ыргып кеткен видео тараган. Окуя боюнча Бишкек ШИИБден маалымат беришти.

24-август күнү саат 13:30 чамасында М-10 үлгүсүндөгү скутерди башкарып бара жаткан 2006-жылы туулган жаран Эркиндик бульварынын келишинен Токтогул көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй бара жаткан Лексус 330 үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзушүп, жол кырсыгына кабылган. Лексусту 1994-жылы туулган жаран башкарып бара жаткан. Кесепетинен скутердин айдоочусу травматология бөлүмүнө жаткырылган. Аталган факты Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталды.

Жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, транспорт каражаттарына соттук-автотехникалык жана трассологиялык экспертиза дайындалды. Жыйынтыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин ченемдеринин талаптарына ылайык чечим кабыл алынат. Учурда эки унаа тең айып токтотуучу жайга киргизилген.