«Слово Кыргызстана» гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Аскерованы сабап кетишти

«Слово Кыргызстана» гезитинин редакциясынын маалыматына ылайык бүгүн, 23-февралда башкы редактордун милдетин аткаруучу Кифаят Аскерованы сабап кетишкен.

Алардын айтымында, эс алуу күнү Аскерова гезиттин санын басууга даярдоо үчүн жумушка барган. Редакциянын кеңсесинде басылманын коммерциялык директору Уматкүл Бралкеева дагы болгон.

Аскерова Курманбек Мамбетов кызматтан кеткенден кийин башкы редактордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Буга чейин ал башкы редактордун биринчи орун басары болчу.

“Мен саат 17:00дөн кийин келдим. Ур-токмокко алынган Аскерова араң сүйлөп жатыптыр, мен келгенде милиция кызматкерлери бар болчу. Бралкееваны алып кетишкен экен. Коридордо кандын издери бар экен. Аскерованын кеңсеси талкаланган»,— деп билдирди  “Слово Кыргызстана» гезитинин редакторунун орун басары Ирина Прокофьева.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы «102» кызматына  чалуу саат 16:30да келип түшкөнүн билдирди. Окуя болгон жерге Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жөнөп кетишкен. Алар толук маалымат кийинчерээк жарыяланарын айтышты.