«Слово Кыргызстана» гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу чын эле сабалганбы?

Кечээ, 23-февралда “Слово Кыргызстана” гезитинин коммерциялык директору Уматкүл Бралкеева менен башкы редактордун милдетин аткаруучу Кифаят Аскерова экөөнүн ортосунда чыр чыккан.

Kaktus.media редакциясы окуянын катышуучулары менен байланышкан. Аскерова окуя боюнча маалыматты жарыя кылбоону суранган. Бралкеева бул иште жабырлануучу болгонун айтып, чыр боюнча түшүндүрмө берүүгө макул болгон.

«Кифаят Аскерова башкы редактордун милдетин мыйзамсыз аткарып жатат. Курманбек Мамбетов кызматтан кеткенде аны башкы редактордун биринчи орун басары кылып дайындаган болчу. Демек, Аскерова өзү эле башкы редактордун милдетин аткарып алды. Гезиттин акыркы санында да Аскерова башкы редактордун милдетин аткаруучу катары жазылып жүрөт. Аны эч ким бул кызматка дайындаган эмес. Кифаят Аскерова биринчи мага кол көтөрдү. Бул окуя түштөн кийин болду. Менин оюмча, бул буга чейин эле даярдалган болчу. Александр Шепеленко да бар болчу. Бирок ал мен эч нерсе көргөн жокмун деп жатат. Мен жумушка мырзаларды куттуктоо үчүн келгем. Аскерова мени менен сүйлөшүүнү каалады, бирок мен «сүйлөшпөйм» дедим. Анан ал кол көтөрө баштады. Мен коридордо жардам сурап кыйкыра баштадым. Кароолчу уккан окшойт. Жардамга келди.

Андан кийин милиция бөлүмүндө болдум. Мен арыз жаздым. Денемдин баары көк, тишим кыймылдап жатат, манжамды да тиштеп салды”, — деди Бралкеева.

Анын айтымында, бүгүн экөөнүн мушташын карап туруп, сүрөткө тартып турган башка адамдарга карата да арыз жазат.

Кечээ, 23-февралда “Слово Кыргызстана” гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Аскерованын сабалганы тууралуу маалыматтар жарыяланган болчу. Бирок анын ким тарабынан сабалганы тууралуу маалыматтар жок эле.

Бишкек ШИИБдин “102” кызматына окуя боюнча чакыруу болгонун, бирок маалыматты кийинчерээк беришерин айтышкан эле.