Социалдык фонддун төрагасы УКМК тарабынан кармалды. Ал өмүр бою аталган фонддо иштеп келген

УКМК Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев фонддун аймактык бөлүмдөрүндөгү өнөкөткө айланган пара алууга байланыштуу кылмыш иши боюнча кармалганын билдирди.

«Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Соцфонддун аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилеринен такай түрдө пара алуу менен алектенген фонддун кызматкерлеринин тобу аныкталды. Кылмыш ишинин алкагында Социалдык фонддун төрагасы мыйзамсыз пара алууга тиешеси бардыгы тууралуу төгүнгө чыгарылгыс маалыматтар алынды», — деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Медер Ирсалиев УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

2018-жылдын май айында Медер Ирсалиев Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалган. Ал аталган фонддо 1996-жылдан бери иштеп келет. Эмгек тажрыйбасын 21 жашында Аламүдүн райондук башкармалыгында башкы адис катары баштап, Жайыл райондук башкармалыгында, Чүй облустук башкармалыгында иштеген. 2013-2016-жылдары Социалдык фонддун аппарат башчысы, 2016-2017-жылдары Социалдык фонддун төрагасынын орун басары, 2017-2018-жылдары Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары болгон.