Социалдык тармакка тараган видеодогу кызды унаада «суракка алып» коркуткан шектүү кармалды (видео)

Социалдык тармактарга жигиттин кызды «суракка алган» видеосу тарады. Анда Эрнис делген жигит кызды унаада суракка алып жатканын көрүүгө болот. Окуяга аралашкан дагы бир жигит кыз жашын айтканда таяк сыяктуу нерсе менен желкеге бир нече ирет чаап жиберген. Видеодогу адамдардын сүйлөшкөнүнө караганда, кыз алардан сурабай ооруган бирөөнүн 10 миң сом акчасын Расул аттуу адамга которуп жиберген.

Аталган окуя боюнча Ош ОИИБ СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүдөй маалымат берди.

-Аталган видео 3 күн мурун жарыяланыптыр. Ошондон бери Баткен ОИИБ менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Бүгүн видеодогу баланы таптык. Ал мурун 3 жолу соттолгон Ноокат районунун тургуну болуп чыкты. Учурда аны милиция бөлүмүнө алып келип жатышат. Ал эми кыз менен байланышуу мүмкүн болбой жатат, жакындары аркылуу ал кызды да жакын аралыкта аныктайбыз«, — деди басма сөз кызматы.