Соцтармакта сел агызып кеткен аял менен кыздын видеосу тарап жатат

Соцтармакта сел агызып кеткен аял менен кыздын видеосу тарап жатат. Кадрга түшүп калган эки адамдын кечээ, 14-июлда сел алып кеткен келин менен анын кызы болушу мүмкүн дешүүдө.

Бүгүн, 15-июль күнү Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан (Өзбекстандын чек арасына 500 метр жетпей жеринде) аял кишинин сөөгү табылган. Такталган маалымат боюнча, табылган жаран буга чейин изделип жаткан 1980-жылы туулган Н.Д. аттуу аял киши (кыздардын апасы) экени аныкталды. Ал эми анын 7 жашар кызынын сөөгү Өзбекстандын Андижан шаарынан Шахрихонсой сайынан табылды.