Социалдык тармактардагы улуттар аралык мүнөздөгү чагымчыл билдирүүлөрдү жазган автор кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
“Социалдык тармактарда белгилүү бир улутка карата жеке кастыгын билдирген провокациялык билдирүүлөрдү системалуу түрдө жарыялаган Т.А.Д. аттуу жаран аныкталды. Козголгон кылмыш ишинин жана чогултулган материалдардын алкагында Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынан эксперттик корутунду алынган. Анда Т.А.Д. тарабынан социалдык тармактарда жарыяланган материалдарда улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экени аныкталган”, — деп жазылат маалыматта.
Аталган факт боюнча «Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу» боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, тиешелүү тергөө иш-чаралары уланууда.