Сөгүнүп сүйлөгөн блогер Жанара Осмоналиева 3 суткага камакка алынды

16-июнь күнү социалдык тармагында мониторинг жүргүзүү учурунда “zhanxo” өзүнүн инстаграм баракчасында адепсиз, оозго алгыс сөздөр менен коштолгон видео жарыялаганы аныкталган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Бул факты Тергөө кызматына өткөрүп берилген. Ал эми милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында, 1993-жылы туулган О.Ж. аттуу жаран Тергөө кызматына жеткирилип, тиешелүү аймагы боюнча Ленин РИИБге жөнөтүлгөн.

Ленин райондук сотунун чечими менен Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) менен 3 суткага камакка алынган.