«Сөгүп, денеге залал келтирген». Депутаттын уулу кафеде иштеген кызга кол салган деп шектелүүдө

Жогорку Кеңештин депутатынын уулу майда бейбаштыкка шектелүүдө. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-июлда РИИБге кыз арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 6-июлда болжол менен саат 18:20 чамасында Киев көчөсүндөгү кафедеги жумушуна Н. аттуу таанышы келген. Ал агрессивдүү болуп, ортодо пикир келишпестик жаралган. Н. кызды сөгүп, күч менен бардын ары жагынан алып чыгууга аракет кылган.

Аталган факт каттоого алынып, Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси (майда бейбаштык) менен катталган жана соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Милиция кызматкерлери шектүүнү суракка алышкан. Ал 2000-жылы туулган З.Н. экени белгилүү болгон. Шектүү жабырлануучу менен мектептен бери тааныш экенин билдирген. Тергөө уланууда.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, шектүү Нуригман Зулпукаров Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун уулу.