Баткендеги Сох дарыясынан сууга чөгүп кеткен 57 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Ак-Турпак айылынын Сох дарыясына 1965-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. Жерине 13 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзгөн. 29-июнь күнү саат 6:20да жансыз дене табылып, туугандарына өткөрүп берилген.