Сойкукана уюштурууга шектелип, тергөөдөн жашырынып жүргөн жаран кармалды

УКМК тарабынан ички иштер органдары менен биргеликте сойкулукка тартуу жана көмөктөшүү, интимдик жайларды уюштурууга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жеке адамдар тарабынан интернет сайт аркылуу интимдик кызмат көрсөтүүчү сойкукана аныкталды.

Кечээ, 16-майда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.К.Ш. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине ылайык шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал сойкукана уюштуруу боюнча кылмыш ишинин мурда жеткиликтүү болгон материалдарында негизги айыпталуучулардын бири болуп, тергөөдөн жашырынып жүргөн, ошол эле учурда ал сотто көрсөтмөлөрдү бурмалоо менен кылмыштагы шеригин актоо үчүн башка күбөлөрдү да жашырган. Тергөөнүн жүрүшүндө жарандарды эркинен тышкары күч колдонуп кармап, ур-токмокко алып, денесине залал келтирем деп коркуткандыгы тууралуу да маалыматтар алынган.