Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн эсепчиси УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

УКМК кызматкерине пара берип жаткан учурда Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн эсепчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

21-апрелде Финансы-чарбалык ишмердикти текшерүүнү токтотуу үчүн УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган учурунда Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин орун басары кармалды.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук райондук билим берүү бөлүмү тарабынан мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамдуулугун текшерүүнү токтотуу максатында УКМКнын ыкчам кызматкерине 20 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды», — деп айтылат маалыматта.