Сокулук райондук Соцфонддун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМК тарабынан Кылмыш-жазык кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында, 19-янванда Чүй облусунун Сокулук райондук Социалдык фонд башкармалыгынын жетектөөчү адиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

17-январда Сокулук районунун тургуну Социалдык фонд башкармалыгынын кызматкерине акыркы 10 жылда төлөнгөн социалдык чегерүүлөр боюнча көчүрмө алуу боюнча кайрылган. Өз кезегинде ал буга чейинки социалдык чегерүүлөр боюнча маалымат менен таанышып чыгып, анын айрым бир мыйзам бузуулары бар экенин айтып, буга байланыштуу ал акчалай сыйлык үчүн анын маселесин оң жагына чечип берүүнү сунуштаганы аныкталган. Азыркы учурда кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.