Сокулук райондук соту блогер Эртай Искаков боюнча чечим чыгарды

Бүгүн, 20-ноябрда Сокулук райондук сотунда блогер Эртай Искаков боюнча чечим чыгарылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Шердор Абдыкапаров билдирди.

«280-берене бейбаштык боюнча акталды, 279-берене жол жабуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айып салынды. Ошондой эле, Орок айыл өкмөтүнүн башчысына, Сокулук районунун акимине жана тергөөчүгө сот тарабынан чара көрүлсүн деп жеке аныктама чыгарылды», — деди жактоочу.

Ал ошондой эле күнөөлүү деп табылган берене боюнча макул эместигин айтып, кайра сотко кайрыларын билдирди. Ал эми аны менен чогуу кармалгандар да бейбаштык боюнча акталып, жол жабуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Алар 100 сааттык коомдук жумуштарга тартылат.

14-июлда Селекция айылынын тургундары таза суу маселесин чечип берүү талабы менен Түштүк магистралды тосушкан. Искаков менен эки тургун жол тоскон акцияны уюштурууга катышкан деп шектелип кармалган.