Сокулук районунда автоунаа уурдоого шектүү кармалды

Сокулук районунда автоунаа уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Сокулук РИИБине жергиликтүү 48 жаштагы жашоочу арыз менен кайрылып, 12-март күнү болжол менен саат 11:00 чамаларында Сокулук районунун көчөлөрүнүн биринен анын Тайота Хайландер үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Автоунаада арыз ээсинин керектүү документтери жана 70 миң сом акчасы болгон.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери
башталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, Жалал-Абал облусунда туулуп өскөн 23 жаштагы жаран кармалып, уурдалган автоунаа табылган. Шектүү бала убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.