Сокулук районунда аял киши Лексус менен жүк ташыган унааны сүзгөн. 1 адам көз жумду

Сокулук районунда жол кырсыктын кеспетинен эркек киши каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык бүгүн болжол менен саат 9:30 чамасында болгон. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу жолдун четинде унаасынын дөңгөлөгүн алмаштырып жаткан. Ошол учурда аны аял киши башкарып келе жаткан Лексус үлгүсүндөгү унаа келип сүзгөн. Алган жаракатынан улам эрекек киши ошол жерден жан берген.

Учурда Сокулук районунун кызматкерлери окуянын себебин тактап жатышат.