Сокулук районунда мотоциклист сүзүп кеткен 52 жаштагы аял каза болду (видео)

Кечээ, 19-сентябрда Бишкек-«Манас» аэропорту унаа жолунда жол кырсык катталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя унаа жолдун 28-чакырымында саат 19:30 чамасында болгон. 1992-жылы туулган жигит мотоцикли менен 1969-жылы туулган Учкун-2 конушунун тургунун сүзүп кеткен. Аял киши алган жаракатынан көз жумду. Ошол эле күнү унаа жолдо жарышып мотоцикл айдагандарга каршы болгон 100гө чукул адам чогулушкан.