Сокулук районунда түн жарымда эркектин аялды жерге жаткыра сабаган көрсөткөн видеосу тарады (видео)

Сокулук районунда түн жарымында күйөөсү аялын жерге жаткырып алып зомбулук көрсөтүп жаткан видео социалдык тармакка тарады.

Видеонун ээси окуя тууралуу төмөнкүдөй маалымат берген. «Мен велосипед тээп бараткам. Окуяны көрүп дароо түшүп, жардамга барсамбы дегем. Бирок аялдын көз карашынан аралашпа деген ишаратты түшүндүм. Видеону тартып, бат эле өчүрүүгө туура келди. Анткени киши мен жакка таш ыргытып баштады. Үйгө барып, колума таяк көтөрүп чыксам ал аялын үйүнө сүйрөп кирип кетиптир. Барып эшигин такылдатсам, эч ким жооп берген жок», — дейт видеону ээси. Ошондой эле ал аталган эркек аялын көп жолу сабап келгенин кошумчалаган.

Аталган окуя боюнча Чүй ОИИБ СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ыкчам топ Сокулук районуна, окуя катталган жерди аныктоо максатында чыгып кеткенин билдирди.

@erik_officiall ♬ оригинальный звук — Yarik